Лос-Анжелесте казак маданий борбору ачылды

Лос-Анжелесте казак маданий борбору ачылды

АКШнын Лос-Анжелес шаарында казак тили борбору ачылды. Учурда бул жерде 20дан ашык бала билим алууда. Алардын көбү 5 жаштан 13 жашка чейинкилер. Мындан тышкары мугалимдер жаштарга эне тилин гана үйрөтпөстөн, казак элинин салт-санаасы, маданияты, искусствосу менен тааныштырышат.

Карлыгаш Шыныбаева, филолог:

- Кээ бир балдар англисче сүйлөп, ой жүгүртүшү мүмкүн, анткени алар 5 жашынан бери англис мектебине барышкан. Ошондуктан балдар казак тилин, маданиятын билсин, унутпасын деп жумасына бир жолу бул сабакты өткөрүп жатабыз. Мен биздин балдарыбыз менен сыймыктанам. Анткени алар кайда барбасын казакча сүйлөп, казакмын деп сыймыктанышат.

Борбордун мүдүрүнүн айтымында, долбоор биринчи кезекте чет жердеги казактардын башын бириктирүү максатында колго алынды. Бул идея өзгөчө ата-энелер арасында кеңири колдоого ээ болду.

Раушан Мухтар, Калифорниядагы казак борборунун мүдүрү:

- Жаштар, чоңдор болсун бул жерде казактарды окутуп, колдон келишинче аракет кылгысы келсе, эшигибиз ачык. Келип жардамдашып, бул бардыгыбыз үчүн. Казактар бири-бирибизди колдоо үчүн.

Казак тили борборунун кызматы мындан ары да өнугө берет. Келечекте окуучулар үчүн дагы башка ийримдерди ачуу мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков