Мажилисте «январь окуясын» текшерүүнүн жыйынтыктары жарыяланды

Мажилисте «январь окуясын» текшерүүнүн жыйынтыктары жарыяланды

Январь окуясы өлкөдө мамлекеттик төңкөрүш жасоону каалагандардын аракети болгон. Бул тууралуу башкы прокурор Берик Асылов билдирди. Анын айтымында, 2021-жылы бир жыл бою радикалдуу чараларды колдонуу үчүн тымызын даярдык көрүлгөн. Иш-чараларга уюшкан кылмыштуу топтор, мурда соттолгон диний экстремисттер, ошондой эле өлкөдө тыюу салынган кыймылдын жактоочулары катышкан. Анын кесепетинен өлкөнүн 8 шаарында 71 имарат талкаланып, өрттөлгөн. Башкы прокурор бүгүн окуянын чоо-жайы жана бардык жабырлануучулардын өздүгү такталганын белгиледи.

Берик Асылов, Казакстандын Башкы прокурору:

- Эң көп – 151 адам Алматы шаарында каза болгон. Анын көпчүлүгү Президенттик резиденцияга кол салуу маалында көз жумган. Ушундай эле курмандыктар Кызылорда, Шымкент жана Таразда катталган. Январь окуясы боюнча 5300 кылмыш иши козголгон. Басымдуу бөлүгүн адам өлүмү, уурулук, курал уурдоо иштери ИИМ тарабынан тергелген. Улуттук коопсуздук комитети мамлекеттик чыккынчылык, бийликти басып алуу аракети жана пара алуу беренелери боюнча ишти тергеп жатат.

Өлкөнүн ички иштер министри Марат Ахметжанов да январь окуясынын хронологиясына токтолду. Анын айтымында, эгерде тартип сакчылары мыйзамда каралган иш-чаралардын комплексин аткарбаганда, кырсыктын масштабы мындан да чоң болмок.

Марат Ахметжанов, Казакстандын Ички иштер министри:

- Чабуул учурунда оор арматуралар, күйүүчү аралашмасы бар бөтөлкөлөр, чоң таштар колдонулган. Бейбаштар шаар акимчилигинин имаратын басып алууга аракет кылышкан. Бирок алардын ойлору ишке ашкан жок. Ошол эле учурда алар полиция кызматкерлеринин унаасын өрттөп, коммуналдык жабдууларды жана унааларды тартып алышкан. Жаңжалдын натыйжасында 33 полиция кызматкери жана Улуттук гвардиянын аскер кызматкерлери оор жаракат алышкан. Мамлекет башчынын жарлыгы менен Алматы жана Мангыстау облусуна бир убакта саат 01:30дан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Башкармалыктын башчысынын айтымында, полиция 4623 кылмыш ишин тергеген. Алардын көбү уурулук, адам өлтүрүү, курал сатуу, бейбаштык жана башка бирөөнүн мүлкүнө атайылап зыян келтирүү фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Министр белгилегендей, мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча жеңилдетүүчү жагдайлар бар экенин эске алуу менен 255 адам бошотулган. Ошондой эле, ал “январь окуясын” уюштурган бардык жооптуу адамдар аныкталарын билдирди. Тергөө иштери уланууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков