Бул үчүн Сарытерең, Карашалаң каналдары тазаланып, эгин талаалары менен бирге бир жарым гектарга жакын шалбаа, жайыттарды сугарууга шарттар түзүлүүдө. Быйыл 16 калктуу конушта жазгы талаа иштери башталды. Көпчүлүк дыйкандар беде айдап жатышат.
Марат Сапаров, дыйкан:
- Суу былтыркыга караганда быйыл жакшы. Көлдөр толуп, дарыяда суу бар. Айдоо өнөктүгүн чын куран айынын 1нен тарта баштадык. 100 гектар жердин 50 гектарга жакынын айдап бүттүк, азыр анын жарымы калды. Тырмоодон кийин барып, үрөн себе баштайбыз.
Бакча өсүмдүктөрүн отургузуу да кызуу жүрүп жатат. Дыйкандар тоо кыркаларында чогулган кардын жана кудуктун суусун пайдаланууга ашыгууда. Коон-дарбыз уруктары отургузулуп, топурак жылыганга чейин тамчылатып сугарылат. Бул ыкманы колдонуу менен дыйкандар былтыр жакшы түшүм алышкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков