Казакстанда «жашыл ипотека» программасы ишке кирет

Казакстанда «жашыл ипотека» программасы ишке кирет

Келерки жылдан тарта өлкөдө “Жашыл ипотека” программасы ишке кирет. Насыянын жаңы түрү “Отбасы Банк” аркылуу берилет. Жарандар жаңы стандарттар боюнча курулган энергияны үнөмдөөчү турак жай комплекстеринен гана батир алуу үчүн кайрыла алышат. Бул үчүн 20% баштапкы төлөм талап кылынат. Ал эми насыянын үстөгү 12 жарым пайыз. Кардар аны алгачкы 10 жылда гана төлөйт, андан кийин карыздын өлчөмү үч жарымга же 5%га чейин төмөндөтүлөт. “Жашыл ипотека” боюнча насыянын максималдуу суммасы 35 миллион теңгени түзөт. Ипотекалык насыя жаңы үй сатып алууга гана багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков