Казакстанда «Ачык» тиркемеси кайра киргизилет. Анын иши ооруканалардагы керебеттердин жарымынан көбүнө бейтаптар жайгаштырылган шартта жанданат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү ишкерлер менен жолугушууда билдиришти. Мекеменин адистери коронавирустун жайылышы боюнча кызыл зонага кирген аймактарда дагы кандай чектөөлөр болоорун айтышты. Алардын арасында бет кап кийүү режими, кызматкерлерди аралыктан иштөөгө өткөрүү, нөөмөттө иштегендерди экспресс тестирлөө, коомдук иш-чараларды өткөрүүгө жарым-жартылай тыюу салуу сыяктуу чектөө чаралары бар. Министрлик былтыркыга салыштырмалуу карантиндик чектөөлөрдүн жумшак варианты сунушталганын белгиледи. Анткен менен бизнес өкүлдөрүнүн айтымында, бул тыюулар ишканалардын, өзгөчө соода жана коомдук тамактануу жайларынын ишине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Назгүл Кабдрахманова «Атамекен» улуттук ишкерлер палатасы медициналык кызматтар департаментинин мүдүрү
- Сунушталган чаралар акырындап келип чакан бизнеске таасирин тийгизет. Маселен, ресторандарда, соода жана оюн-зоок борборлорунда «Ачык» тиркемесинин ишин калыбына келтирүү мерчемделип жатат. Бул дагы бизнес үчүн көптөгөн суроолорду жаратат. Башкача айтканда, ал киргизилгенден кийин, ошол максатта атайын кызматкерди алуу сыяктуу кошумча чыгымдар келип чыгышы мүмкүн. Мамлекет алардын ордун толтуруу үчүн бизнестин муктаждыктарын канааттандырып, башка каржылык колдоо көрсөтүшү керек, мисалы, төмөнкү пайыздык насыялар.
Ишкерлер эпидемия күчөгөн учурда тиешелүү текшерүүгө мораторий жарыялоону суранышууда. Мындан тышкары, мурдагы жылдардагы чектөө чараларынын натыйжалуулугу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен кеңири маалымат күтүп жатышат. Тактап айтканда, мекеме өкүлдөрүнөн жумшалган каражаттарды, вакциналарды, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды пайдалануунун эффективдүүлүгүн көрсөтүүнү суранышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков