Кытайлык илимпоздор кургап калган Арал деңизин жашылдандырууга көмөктөшөт

Казакстанда кургап калган Арал деңизинин ордуна жашыл көчөттөр отургузулат. Буга кытай окумуштууларынын ойлоп табуулары жардам берет. Окумуштуулар топурактын үлгүлөрүн алып, долбоордун үстүндө иштеп жатышат. Адистер атайын реагент менен кыртыштын ным сактоочу касиетин беришет. Мунун аркасында Арал деңизинин кургак жана чөлдүү аймактары жашыл оазистерге айланышы мүмкүн. Белгилей кетсек, кытай окумуштууларынын ойлоп табуусу башка жерлерде да ийгиликтүү колдонулууда. Бул технология келерки жылдын жазынан баштап Арал деңизинде колдонула баштайт. Адистердин айтымында, натыйжа эки жылдын ичинде өз жемишин берет.  Өлкөнүн тышкы саясат бөлүмүнүн өкүлү менен Кытайдын Казакстандагы элчиси жаңы генетикалык лабораторияда жолугуп, аталган долбоорду жана илимий чөйрөдө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Габидулла Оспанкулов, ТИМ инвестиция комитетинин төрагасы:

- Алар топурак алып, ылайыктуу реагенттерди издеп жатышат. Бул чоң илимий изилдөө жана мындан Казакстан да пайда көрөт деп ойлойбуз. Эгер келечекте бул долбоордун үстүндө эки өлкөнүн окумуштуулары биргелешип иш алып барса, казак илимине чоң түрткү болот.

Чжан Сяо, Казакстандагы Кытай элчиси:

- Бизде чоң масштабдагы окутуу планы бар. Өз тармагында бир нече жыл бою жакшы натыйжаларга жетишип келе жаткан адистер менен жаш илимпоздор Кытайга келет. Азыркы учурда алардын такшалмасынын планы даяр.

Которгон: Илгиз Жамалбеков