Казакстандын экономикасынын өсүшү 2022-жылы 2 пайызды, 2023-жылы 2,5 пайызды түзөт. Мындай божомолдорду Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы келтирүүдө. Эл аралык каржы институтунун маалыматында, эгер экспорттун азыркы көлөмү сакталса, өлкө бул көрсөткүчтөргө жете алат. Бирок өсүш мурунку жылдарга салыштырмалуу бир топ төмөн. Серепчилердин баамында, Украинадагы согуш көптөгөн өндүрүш жараяндарын жайлатат. Орусияга киргизилген санкциялардан улам Казакстан үчүн логистикалык каттамдар бир нече эсе кымбаттады. Бул инфляцияга гана эмес, көптөгөн товардык позициялардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков