Казакстан америкалык инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Нью-Йоркто дүйнөлүк каржы институттарынын жетекчилери менен жолугушууда билдирди. Ошол эле учурда мамлекет башчы өлкөдө инвестициялык климат абдан ыңгайлуу экенин жеткирди. Жолугушуунун катышуучулары дүйнөлүк экономиканы, анын ичинде финансы рынокторун өнүктүрүүнүн келечектери боюнча пикир алмашышты. Тактап айтканда, мамлекет башчысы «Самрук-Казына» Улуттук жыргалчылык фонду менен кызматташуунун келечегине жана фонддун активдерин менчиктештирүүнүн эсебинен ачыла турган жагымдуу мүмкүнчүлүктөргө токтолду. Жалпысынан, президент өлкөнүн энергетика, жашыл экономика, транспорт жана логистика тармагындагы чоң дараметин белгиледи. Ошондой эле, ал “Астана” эл аралык каржы борборундагы түзүлгөн абалга басым жасады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Бүгүнкү жолугушуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты илгерилетүүдөгү, ошондой эле Казакстан менен АКШнын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоодогу практикалык кадам болот деп ишенем.
Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев америкалык финансисттерге масштабдуу саясий жана экономикалык реформалар тууралуу маалымат берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков