Пенсия курагын төмөндөтүү пенсиялык төгүмдөрдүн көлөмүнүн азайышына алып келет. Бул тууралуу Премьер-министр Алихан Смаилов сенатор Дана Нуржигиттин аялдардын пенсия курагы боюнча суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, жашоонун узактыгынын өсүшүнө байланыштуу пенсия курагын жогорулатуу тенденциясы өнүккөн өлкөлөрдө, ошондой эле коңшулаш Азербайжан, Армения, Орусия, Беларуста да колго алынып жатат. Бул өзгөртүүлөрдү эске алуу менен ал өлкөлөрдө пенсиялык тутумдун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жаңы чаралар иштелип жатканын кошумчалай кетти. Белгилей кетсек, 2018-жылдан бери өлкөдө аялдардын пенсияга чыгуу курагы жыл сайын 6 айга көбөйүп келет. Бул жараян 10 жылдын ичинде этап-этабы менен ишке ашат.
Алихан Смаилов, Казакстандын премьер-министри:
- Казакстандыктар бюджеттен базалык жана тилектештик пенсия алышат. Өз ара пенсия 1998-жылга чейинки 2 жылдык эмгек стажына жана акыркы 3 жылдагы кирешесине жараша эсептелет. Натыйжада төлөмдүн бул түрү жыл сайын азайып, топтолуучу пенсиянын үлүшү көбөйөт. Ошондуктан, жашты төмөндөтүү пенсиялык депозиттердин көлөмүнүн азайышына жана бул тутумдан бериле турган төлөмдөрдүн кескин кыскарышына алып келет.
Өкмөт башчы иштеп жаткан көп баскычтуу пенсиялык системадан чыгуу жөндүү деген позициясын билдирди. Анын айтымында, акыркы 10 жылда орточо өлчөмү 10 эсеге, башкача айтканда 3 миңден 30 миңге чейин өскөн. Натыйжада пенсиялык топтоо 12,9 триллион теңгени түзүп, жигердүү аманатчылардын жеке эсептеринин саны 9 миллионго жетти. Премьер-министр, мамлекет жылдык инфляцияны эске алуу менен пенсиялык төгүмдөрдүн сакталышына кепилдик берээрин белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков