Борбор калаанын эл аралык аэропортунда байланышсыз паспорттук көзөмөл
системасы ишке кирди. Биометрикалык текшерүүгө негизделген ата мекендик өнүм
сыноодон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу чек ара кызматынын өкүлдөрү атайын
брифинг учурунда билдирди. Паспорттук көзөмөлдүн коопсуздугун, ылдамдыгын жана
натыйжалуулугун камсыздаган долбоорду келечекте өлкөнүн башка эл аралык
аэропорттору менен ири чек ара өткөрүү бекеттеринин ишине кошуу көздөлүп жатат.
Жалпысынан 46 чек ара бекетинде заманбап инфраструктураны куруу иштери жүрүүдө.
Негизги долбоорлорду 2024-2025-жылдары ишке ашыруу мерчемделген. Мындан тышкары
чек ара тынчтыгын абадан көзөмөлдөө боюнча жаңы демилгелер колго алынды.
Серик Ахметкалиев, УКК чек ара күзөтүү департаментинин башчысынын биринчи орун басары:
Казакстанда космоско учууга үзгүлтүксүз биргелешкен мониторинг жүргүзүлүп турат. Биз алардан космостук кадрларды алабыз, аталган уюмдун кызматтарынан пайдаланабыз. Жаңы технологияны ишке киргизүү боюнча жалпы чаралар кабыл алынды. Анда Казакстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык учкучсуз учуучу аппараттарды колдонууга байланышкан долбоор камтылган.
Мындай комплекстүү иш-чаралардын дагы бир максаты – чет элдиктердин агымын көбөйтүү жана өлкөнүн туристтик дараметин жакшыртуу, дешет адистер. Ошол эле учурда башка өлкөнүн жарандарынын Казакстанга кирүү активдүүлүгүн арттыруу максатында чек арадан өтүүдө туристтик топторго артыкчылык берилип жатканын белгилей кетүү керек. Натыйжада быйыл өлкөгө кирген адамдардын жана унаалардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн.
Гани Агадилов, УКК чек ара көзөмөлдөө департаментинин башчысынын биринчи орун басары:
Буга өлкөнүн транспорттук транзиттик дараметин жогорулатуу, жаңы аба каттамдарын ачуу жана келүү системасын өнүктүрүү максатында чет өлкөлүктөр үчүн визалык жана иммиграциялык эрежелердин жөнөкөйлөштүрүлүшү өбөлгө түздү. Аталган мезгилдин ичинде мамлекеттик чек ара аркылуу 20 миллиондон ашык адам жана 4 миллион 400 миңден ашык автотранспорт каражаттары өткөрүлгөн. Мында суткасына орто эсеп менен 190 миң адам, анын 90 миңи чет элдик жарандар жана 30 миңге чейин унаалар өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков