Кытайда казакстандык өнүмдөр суроо-талапка ээ

Кытайда казакстандык өнүмдөр суроо-талапка ээ

Казакстандык өнүмдөр кытайлык керектөөчүлөрдүн арасында популярдуу болууда. Кытайдагы ЭКСПО көргөзмөсүндө ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн кеңири спектри менен таанышууга болот. Казакстан төртүнчү жыл катары менен бул эл аралык иш-чарада өз өнүмдөрүн тартуулап, «Бир алкак, бир жол» демилгесинин жигердүү катышуучусу.

Алибек Смаилов, Казакстан Республикасынын Улуттук стендинин жетекчиси:

Кытайлыктар Казакстанда жасалган сапаттуу өнүмдөрдү абдан жакшы көрүшөт. Биздин товарлар алардын муктаждыктарына жооп берет. Бүгүнкү күндө Кытайда төөнүн сүтү чоң суроо-талапка ээ. Бизде аталган өнүмдү чыгарган эки ишканабыз сунушталган.

Белгилей кетсек, быйыл жыл башында ата мекендик өндүрүүчүлөр Кытайга 220 миң куту кургак төө сүтүн жеткирген.

Ши Лида, компания өкүлү:

- Биз өз өнүмдөрүбүздү 100 пайыз табигый төө сүтүнөн алабыз. Казакстанда бейтаптардын тезирээк бутуна турушу үчүн айрым ооруканалар төө сүтүн беришет. Төө сүтү өтө баалуу болгондуктан, анын курамында аминокислоталар, минералдар жана витаминдер жетиштүү. Биз кытайлык инвесторлор төө сүтүнүн пайдасын баалап, бул тармактын келечеги бар экенин сезип, Казакстанга инвестиция салып жатабыз.

Белгилей кетсек, быйыл Шанхайда өткөн көргөзмөгө Казакстандан 26 компания катышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков