БУУнун баш катчысы: «Биз куру убадалардан оолак болушубуз абзел»

БУУнун баш катчысы: «Биз куру убадалардан оолак болушубуз абзел»

Курчап турган чөйрөнүн абалы начарлап бара жатат. Жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн миллиондогон түрү жок болуп кетүү чегине келип жетти. Бул тууралуу БУУнун баш катчысы маалымдады. Антонио Гутерриштун айтымында, абалды адам өзү гана жакшырта алат, айкын аракеттерди көрүүгө  мезгил келип жетти.

Антонио Гутерриш -  БУУ баш катчысы

- Жер бетинин төрттөн үч бөлүгү жана окендардын үчтөн эки бөлүгү адам баласынын аракетинин жагымсыз таасири алдында турат. Анын бузулуусу жер  шаарынын 3,2 миллиард жашоочусунун абалына таасирин тийгизүүдө. Баарынын артында адам –  анын жашоосу, ал аткарган өндүрүш аракеттери, курчап турган чөйрөнү керектөөсү менен булгап келгени турат.

Башкы катчынын айтымында, колдо болгон ыкмалар менен глобалдык жылуулукту цельсий боюнча 1,5 градус чектеринде кармап калуу зарыл. Ушул жаатта, быйыл Египетте өтө турган климат боюнча конференцияга чоң үмүт артылууда. Форумдун катышуучулары өздөрүнө булганыч газдар эмиссиясынын өлчөмүн 2030-жылга чейин 45 пайызга кыскартуу жана кылымдын ортосунда нөлгө жеткирүү боюнча милдеттеме алышаары  күтүлүүдө. Ал үчүн көйгөйгө ар тараптуу мамиле жасоо менен гана жетишүүгө болот.

Ошентсе дагы, биз куру убадалардан оолак болгонубуз жөндүү – деп эскертти баш катчы. Биз өзүбүзгө алган милдеттенмелерди конкреттүү аракеттер жана аларды жүзөгө ашырууну каржылоо менен бекемдешибиз керек - деди Гутерриш.

 

 

 

Которгон: Нурлан Досалиев