Казакстандык окуучулар мындай абдан татаал ай-ти кызматты тез аткарган атайын платформа ойлоп табышты. Республикалык физика-математика мектебинин окуучулары Арсен Кылышбек менен Владимир Борзенковдун бул уникалдуу ойлоп табуусу дүйнөгө тараган алп компаниялардын көңүлүн бурду. Жакында ата мекендик долбоор Microsoft компаниясынан 550 миң долларлык грант утуп алды.
Владимир Борзенков, долбоор авторлорунун бири:
- Бул акчаны долбоорду өнүктүрүүгө, жаңы кардарларды табууга жана анын масштабын кеңейтүүгө багыттайбыз. Жакынкы келечекте биз жөнөкөй сайт түзүүдөн толук кандуу мобилдик тиркемеге, жалпы программалык камсыздоо кызматтарын көрсөтүүчү платформага айландырууну пландап жатабыз. Биздин платформаны колдонуу үчүн англис тилин билүү жетиштүү. Бул азырынча гана. Келечекте биз каалаган тилде кирип, иштөөгө мүмкүндүк берүүчү функцияны кошобуз.
Бул жасалма интеллекттин негизинде иштелип чыккан стартап долбоору. Башкача айтканда, акылдуу система кардардын суроо-талабына жана табитине ылайык заманбап дизайндагы толук веб-сайтты түзүп чыгат. Болгону ар бир кардарга керектүү маалыматты SMS түрүндө жөнөтүү керек. Платформа коопсуз. Алдамчылык же мыйзамсыз иш-аракеттерден коргоо үчүн атайын система орнотулган. Жакында анын бета нускасы ишке киргизилет.
Арсен Кылышбек, долбоор авторлорунун бири:
- Бул ар бир адам үчүн ачык жана акысыз бета үлгү. Аны көчүрүп алып, катталуу керек. Үч айга чейин акысыз колдонууга болот. Ошол убакыттын ичинде платформанын мүмкүнчүлүктөрү текшерилет. Башкача айтканда, биз ар кимге өзү каалаган сайт түзүүгө мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Каалаган ишин баштап кете алат. Эми өзүңүздү өнүктүрүү үчүн идеяңыз болсо жетиштүү.
Кийинки айда долбоордун авторлору АКШда өтүүчү эл аралык сынакта өз мүмкүнчүлүктөрүн сынашат. Максаты – ата мекендик өнүмдү дүйнөлүк рынокко чыгаруу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков