Кытайда COVID-19 илдетинин кескин өсүшүнө «Stealth Omicron» себеп болду

Кытайда COVID-19 илдетинин кескин өсүшүнө «Stealth Omicron» себеп болду

Кытайда коронавирустун «Stealth Omicron» штаммы инфекциянын өрчүшүнө себеп болду. Эпидемиологдордун айтымында, ал Omicron штаммына караганда тез тарайт. Жалган куран айынын 14дө эле өлкөнүн ондогон шаарларында 1300дөн ашуун жаңы COVID-19 учуру катталды. Инфекциянын көбү Цзилинь, Шэньчжэнь жана Шанхайда аныкталган. Белгилей кетсек, Кытай - дүйнөдө коронавируска «нөлдүк сабырдуулук» саясатын жүргүзгөн саналуу өлкөлөрдүн бири. Башкача айтканда, вирустун жайылышын катуу көзөмөлдөө үчүн локдаундарды киргизүү жана инфекция жуккан адамдар менен байланышта болгондор үчүн милдеттүү карантиндик чектөөлөрдү сактоо.

Которгон: Илгиз Жамалбеков