Актау жана Курык порттору атайын экономикалык аймакка кирди

Актау жана Курык порттору атайын экономикалык аймакка кирди

Бул тууралуу Маңгыстау облустук акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Ошол эле учурда башкармалыкта «Баутино» жүк ташуучу аймагы «Актау деңиз портуна» киргени айтылды. Белгилей кетсек, портторду экономикалык аймакка киргизүү регионго олуттуу социалдык-экономикалык таасирин тийгизет жана аймакты инвестиция тартуу үчүн ылайыктуу аянтчага айландыруу менен катар негизги эл аралык транспорт коридорлорунун бирине да салым кошот. Мындан тышкары, порттордун дүйнөнүн эң мыкты логистикалык компаниялары менен иштөөсүнө жол ачат. Порттордун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар менен катар 2025-жылдын аягына чейин экономикалык аймакта контейнердик хаб түзүү пландаштырылууда. Белгилей кетсек, Актау порту аркылуу жүктөр мунай жана мунай өнүмдөрү Азербайжан, Иран, Түркмөнстан, жана Орусия мамлекеттерине жеткирилет. Порттун жылдык кубаттуулугу 12 миллион тоннага барабар болгон 6 мунай аянтчасы иштейт. Ал эми Курык портунда 4 аянтча иштеп жатат. Бул жерден Бакуга мунай, металл, химия өнүмдөрү экспорттолот. Кээ бир жүктөр Европага, андан ары Кара деңизге жөнөтүлөт. Жыл башынан бери порт аркылуу 550 миң тоннадан ашык жүк ташылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көп.

Которгон: Илгиз Жамалбеков