Казакстанда жетинин айынын 1нен тарта этикеткасы жок бут кийимдерди өндүрүүгө жана ташууга тыюу салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик кирешелер комитетинен билдиришти. Ал эми бут кийим импорттоочулар товарларын чын куран айынын 1не чейин сатып түгөтүүгө тийиш. Мындай жаңычылдык мыйзамсыз ташууларга тыюу салуу үчүн киргизилет. Себеби, өлкөдөгү бут кийимдердин жарымына жакыны көмүскө рынокко тиешелүү. Ал эми маркалоо талап кылынгандан кийин, ар бир бут кийимге код берилет, анын жардамы менен товардын сапаты жөнүндө толук маалымат алууга болот. Санарип экономиканы өнүктүрүү борборунун башкы мүдүрү Бикеш Курмангалиеванын айтымында, жүгүртүүдөгү бут кийимдердин 96% сырттан алып келинет, ал эми 4%ы гана ата мекендик өндүрүш.
Бикеш Курмангалиева, «Казактелеком» АК санариптик экономиканы өнүктүрүү борборунун башкы мүдүрү:
- Бир жуп бут кийим үчүн санариптик код тарифинин баасы 2,68 теңге. Бирдиктүү оператор катары Казакстан үчүн бут кийим чыгарган 45 чет элдик фабрика менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Башкача айтканда, орточо алганда өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар үчүн маркалоо чыгымдары бир жуптун баасынын 0,1-2,5 пайызын түзөт. Санариптик маркалоо рынокто мыйзамдуу түрдө иштеген ишкерлердин товарларынын баасына олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келбейт.
Белгилей кетсек, инновация киргизилгенден кийин айрым бут кийимдердин баасы жогорулашы мүмкүн. Анткени өнүмдү аткезчилик менен ташыгандар тиешелүү кошумча нарк салыгын жана бажы төлөмдөрүн төлөбөгөндүктөн, баалар 20 пайызга арзан болгон. Санариптик экономиканы өнүктүрүү борбору долбоорунун менеджери Мохаммад Хайдар Сейит мындай кемчиликтер жоюлганын жана бардыгы мыйзам чегинде иштеп жатканын айтат. Ошондой эле, долбоордун өкүлдөрүнүн айтымында, керектөөчүлөрдүн жана ишкерлердин ыңгайлуулугу үчүн Реалдуу өнүм, Реалдуу Соода, Реалдуу Соода Актысы сыяктуу акысыз мобилдик тиркемелер иштелип чыкты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков