Манхэттендеги казак рестораны

Манхэттендеги казак рестораны

Казактын улуттук даамдары чет элде. Бүгүнкү күндө башка өлкөлөрдө ар кандай тармакта бизнес ачып, аны кеңейтип жаткан ишкерлердин саны өсүүдө. Бүгүнкү күндө Нью-Йоркто казак стилиндеги бир нече ресторандар иштеп жатат. Бул океандын ары жагындагы мекендештерибиз өлкөнүн даамын сагынган жер гана эмес, америкалыктардын да сүйүктүү жайына айланган. Мындан 4 жыл мурун Фарида Габбасова агасы менен бирге «Бир туугандар» деген чакан кафе бизнесин башташкан. Кийинчерээк аны кеңейтип, Манхэттенде тойкана ачышкан. Казактын улуттук тамактарынын даамын сактап калуу үчүн кээ бир кошумчалар жана майлар Казакстандан алынып келинет. Сатыкта казак казысы да бар, бирок бир аз башкача.

Фарида Габбасова, жеке ишкер:

Америкада жылкынын этине тыюу салынган. Ал үчүн да жоопкерчилик менен карайбыз. Ошондуктан, казынын ордуна аны мүмкүн болушунча уй этине окшоштуруп жасоого туура келет.

Алар үй шартында жасалган, эч кандай кошумчалары жок уникалдуу табигый тамактын даамын жакшы көрүшөт.

Келечекте Фарида АКШнын башка штаттарында казактын улуттук тамак-ашын сунуштаган ресторандарды ачууну пландоодо. Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс мегаполисти өнүктүрүү үчүн ат салышып жаткан мекендештерибизге ыраазычылык билдирди.

Эрик Адамс, Нью-Йорк шаарынын мэри:

Шаарыбыздагы казак коомчулугу руханий жактан бай, бизнести өнүктүргөн, билимдин маанилүүлүгүн түшүнгөн, кызматташуунун күчүнө ишенген жарандар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков