Бир кезде унутулуп бараткан сайма сайуу, жыгач түйүндөрдү байлоо өнөрү өлкөнүн аймактарында кайрадан жанданып жатат. Маселен, Көкшетаулук кол өнөр чебери кездемеге сайма сайып өлкө тарыхын жазса, Чыгыш Казакстандын чебери окуучуларына билгендерин үйрөтүп, улуттук өнөрдү даңазалап келет.
Көкшетаулук Укижан Ементаева сексенге таяп калса да ийне-жипти колунан тушүрбөй келет. Ал өлкөнүн картасынан тартып, байыркы түрк жана руна жазуулары, тайпа менен уруулардын аталышына чейин кездемеге түшүргөн. Маселен, чебер бир чыгармасында өткөн кылымдын отузунчу жылдарында силкинген үйдү, оодарылып калган казан менен очокту, кишенеп турган тулпарды чагылдырган.
Үкижан Ементаева, кол өнөр чебери:
- Эмнеге тигем?! Ошол келечек муун үчүн тигем. Келечек муун тарыхыбызды билсин, духтары көтөрүлүп, жүрөгүндө эрдик, адилеттүүлүк болсун деймин. Жаштар азда болсо билип, өздөштүрсө мүнөздөрү өзгөрөт. Биз сыяктуу жаштайынан маңкурт болуп жүрбөйт. Жаш-кары дебей тигем. Бир гана ошол үчүн.
Аймакта 130га жакын адам облустук кол өнөрчүлөр бирикмесинде каттоодо турат. Жалпысынан кол өнөрчүлүктү коштогон чеберлердин саны андан да көп. Ал эми бирикмедеги кол өнөрчүлөр жолугуп, тажрыйба алмашып турат.
Гүлбара Нурканова, облусттук кол өнөрчүлөр бирикмесинин төрайымы:
- Жаш кыздарды, студенттерди, мектеп окуучуларын чакырабыз. Жаш энелер келет. Жогоруда аты аталган чеберлерибиз көптөгөн мастер-класстарды өткөрүп, бул улуттук өнөрчүлүккө кызыктырабыз. Андан сырткары шаарда «Энелер үйү» бар. Ал жактагы жаш энелерге өзүбүз барабыз.
Чыгыш Казакстанда да кол өнөр чебери билгенин балдарга үйрөтүп жүрөт. Алтайда Бауыржан Дарибаевдин чыгармачылыгын билбеген адам жок. Жаш чебердин жасаган буюмдары көптөгөн сынактарда эң мыкты деп табылган. Ал боёк менен кездеменин айкалышын таап, кооз сүрөттөрдү жаратат, жыгачтан ар түрдүү айкелдерди да жасайт.
Бауыржан Дарибаев, Алтай шаары №7- мектептин мугалими:
- Бир жагынан окуучулар телефондон эс алып жатышат. Сабакта компьютердик графиканы өтөбүз, бардык материалдардын стильдерин көрсөтөм, аны акырындык менен жасап, баштай беребиз.
София Блинова, мектеп окуучусу:
- Мен башында материалга сүрөт тартканды үйрөндүм. Бул өтө назик жана оор жумуш. Бирок сонун таасир аласың. Себеби, баарын карап туруш керек. Ар бир майда-чүйдөсүнө чейин көңүл буруу керек.
Бауыржан Дариябаевдин шакирттери республикалык жана облустук чыгармачылык сынактарда жеңүүчү болуп келүүдө. Жакында №7-мектепте атайын жабдылган класс ачуу пландалып жатат. Анткени кол өнөр чебери таалим-тарбия алган окуучулардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков