Курык порту эркин экономикалык аймактар тизмесине киргизилиши мүмкүн

Курык порту эркин экономикалык аймактар тизмесине киргизилиши мүмкүн

Курык порту эркин экономикалык аймактардын тизмесине кошулушу мүмкүн. Бул тууралуу Маңгыстау облусуна иш сапары менен барган парламент сенатынын депутаттары билдиришти. Белгилей кетсек, деңиз портунда жүк ташуу көлөмү 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге өскөн.

Серикбай Турымов, Казакстандын Парламент Сенатынын Депутаты:

- Актау жана Курык порту эркин экономикалык аймакка кирүү боюнча министрликтер менен бир катар иштерди жүргүздү. Башкача айтканда, бардык тиешелүү документтерди берди. Өкмөт муну карап жатат.

Серик Ахметов, Курык порту өнөктөштүгүнүн башкы мүдүрү:

- Порттун эркин экономикалык аймакка киришинин эффективдүүлүгүн көпчүлүк түшүнөт деп ойлойбуз. Бул суу портунун дараметин жогорулатуу үчүн инвесторлорду тартууга мүмкүндүк берет. Жаңы жумуш орундары ачылат. Үстүбүздөгү жылдын 7 айында Курык порту аркылуу 1 миллион 111 миң тонна ар кандай жүк ташылган. Былтыр бул мезгилдеги көрсөткүч 460 миң тонна болгон. Жыл башынан бери 11 миңге жакын жүк ташуучу унаа алмаштырылды.

Парламент депутаттары Курык айылынын эли менен да жолугушуу өткөрүштү. Айыл тургундары инфраструктураны өнүктүрүү, тактап айтканда Каракия аймагына автожол салуу маселесин көтөрүштү. Сенаторлордун айтымында, бул иштерге казынадан 11 миллиард теңге бөлүнгөн. Быйыл 5 чакырымга асфальт төшөө пландалууда. Белгилей кетсек, “Курык – Жетибай” каттамы эл аралык транспорт коридорунун бириктирүүчү звеносу болуп саналат. Бул багытта Орусия менен Өзбекстанга транзиттик жүк ташылат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков