Мындай божомолду Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы билдирди. Докладга ылайык, биздин өлкөнүн ИДӨмү чет өлкөлүк фирмалардын жана инвестициянын жаңы иш багыттарына трансфертинен улам жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып, транспорттук жана мунай транзиттик каттамдарын диверсификациялоо аракеттери өз натыйжаларын берүүдө. Мындан тышкары, республиканын инвестициялык климатында пландаштырылган реформалар орто мөөнөттүү келечекте капиталды тартууга, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жардам берет. Эл аралык каржы институту ошондой эле Борбор Азиянын экономикасы 2023-жылы орто эсеп менен 5,2%га өсөт деп күтүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков