Жаңы эрежелер боюнча субсидиялоо

Казакстандын агроөнөр жай комплексин өзгөрүштөр күтүп турат. Тактап айтканда, келээрки жылдан тарта айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөр жаңы эреже боюнча субсидия алышат. Алар атайын түзүлгөн жумушчу топтун алкагында талкууланганын Айыл чарба министрлиги билдирди. Негизги өзгөртүүлөр коррупциялык тобокелдиктер жогору болгон субсидиялардын чөйрөлөрүнө жана түрлөрүнө байланыштуу болот. Алардын ичинен чөп менен кебекти тоютка жана өзгөчө кырдаалда же аба ырайы начар болгондо гана субсидиялоо сунушталды. Дагы бир жаңычылдык - мамлекеттик колдоо алуучуларга каршы милдеттенмелер киргизилет. Мындан тышкары, Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча улуттук долбоордун алкагында программалык каржылоонун үч жылдык көлөмү 90 миллиард теңге өлчөмүндө каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков