Казакстан 2023-жылы Баку-Тблиси-Жейхан аркылуу 1,5 миллион тонна мунай жөнөтөт

Казакстан 2023-жылы Баку-Тблиси-Жейхан аркылуу 1,5 миллион тонна мунай жөнөтөт

Эки өлкөнүн беш жылдык келишимине ылайык, жыл сайын дал ушунча көлөмдөгү мунай ташылып турат. Жылдын акырына чейин бул багытта казак мунайын ташуу бир миллион 150 миң тоннага чейин жетет. Бул тууралуу Азербайжандын энергетика министри Парвиз Шахбазов билдирди. Эске сала кетсек, 86 миң тонналык биринчи партия жалган куран айында жөнөтүлгөн. Азыр мамлекеттер жеткирүү көлөмүн көбөйтүү маселесин талкуулоонун, өлкөнүн дараметинин жана Азербайжандын куурларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн баалоо баскычында турушат.

Парвиз Шахбазов, Азербайжан Республикасы энергетика министри:

- Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосунда бир жарым миллион баррель казак мунайынын Азербайжан аркылуу жеткирүү боюнча келишим бар жана ушул жылдын чын куран айында жеткирүүлөр башталды. Бүгүнкү күндө Казакстан менен Азербайжандын ортосунда орто эсеп менен 12-14 мунай танкери жүрүп жатат жана жыл аягына чейин болжол менен 1 миллион 150 миң тоннага жетүүнү пландап жатабыз. Мен бул башталышы гана деп ойлойм, анткени аталган аймактын өсүү мүмкүнчүлүгү жогору. Маалым болгондой, бүгүнкү күндө жеткирүүлөр Азербайжан аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул Баку-Супса мунай кууру аркылуу кошумча мунайды эл аралык рынокко түздөн-түз жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирет. Ага ылайык биздин талкуулар уланууда жана келечекте бул кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечектери жогору деп эсептейм.

Эске сала кетсек, буга чейин өлкөнүн Энергетика министрлиги Казакстан альтернативалык жолдор менен мунай экспортун көбөйтө турганын билдирген. Анын ичинде Азербайжан аркылуу экспорттун көлөмүн 6-6,5 миллион тоннага чейин жеткирүү көздөлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков