Казакстандык IT-компаниялар атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, Евразиялык экономикалык биримдикте өнүгүүсүн кеңейте алышат. Мындай мүмкүнчүлүк Евразия өнүктүрүү банкынын жана Зерде улуттук холдингинин демилгеси менен атайын түзүлгөн Астана хаб экосистемасынын аркасында мүмкүн болду. Тараптар кол койгон меморандумга ылайык, тандалган стартаптар алгач ички каржы булактардан каржыланат, андан кийин серепчилик баалоодон өтүп, эң эффективдүү долбоорлор эл аралык каржы уюмдарынын инвестицияларына мүмкүнчүлүк алышат.
Марлен Сихаев, Zerde холдинги башкарма төрагасынын орун басары:
- Азыркы система рыноктук механизмдерге негизделген. Рыноктун катышуучулары кайсы тармактарды каржылай турганын өздөрү тандашат. Бул эң эффективдүү ыкма. Бүгүнкү күндө 579 компания иштеген Астана хабынын экосистемасында атайын салык режими түзүлдү. 2019-жылдын чын куран айынан бери топтолгон каражаттын көлөмү 380 миллион долларды түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков