Кызылорда облусунун аграрийлери күрүч талааларын сугаруунун жаңы ыкмасын колдонууда. Сугат суусун үнөмдөөнүн автоматташтырылган системасы бир катар чарбаларда 10 миң куб метр өмүрдү сактап калууга мүмкүндүк бергендей түзүлгөн. Адистер белгилегендей, австралиялык жабдуулар деталдуу тамчылатып сугарууга багытталган. Ошентип, ал ар бир өсүмдүктү камтышы мүмкүн. Эми мындай нанотехнологияны облустун бардык райондорунда акырындык менен ишке киргизип, андан соң бүткүл өлкө боюнча жайылтуу мерчемделүүдө. Ошондой эле суу ресурстары жана ирригация министрлиги менен аны ишке киргизүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөн.
Аслан Абдираимов, Казакстан Республикасынын суу ресурстары жана ирригация вице-министри:
– Суу биздин дыйкандардын негизги кан тамыры болуп саналат. Ошондуктан биз бүгүн көргөн аппарат аны үнөмдөөнүн эң оптималдуу жолу. Аппарат толугу менен жаңы технология менен иштейт. Ашыкча энергияны талап кылбайт. Ал эми биздин министрлик үчүн мындай шаймандардын болушу маанилүү. Мындан ары сууну үнөмдөө үчүн бул иштердин көлөмүн көбөйтүүнү улантабыз.
Ержан Тулегенов, компаниянын өкүлү:
– Ширкейли магистралдык каналы - абдан чоң. Ал Кызылорда облусунун күрүч талааларынын 60%ын суу менен камсыз кылат. Жылдык керектөө 2 миллиард куб метрге жетет. Эгерде биз каналдагы гидро куралдарды автоматташтырсак, бул Ширкейлиден суу алган дыйкандарга гана пайда алып келет. Жашоонун нымдуулугу тегиз бөлүштүрүлөт.
Жалпысынан кабыл алынган суу ресурстарын башкаруу системасын өнүктүрүү концепциясынын алкагында Казакстанда жакынкы беш жылда 14 миң километрден ашык ирригациялык каналдарды жана гидротехникалык курулмаларды кошумча модернизациялоо мерчемделүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков