Бүгүнкү
күндө Казакстанда 150гө жакын кайра жанма энергия булактары объектиси иштеп
жатат. Алардын жалпы орнотулган кубаттуулугу болжол менен 3 миң МВтты түзөт.
Ошол эле учурда өлкөдө жашыл энергетиканын жаңы объекттерин куруу жигердүү улантылууда.
Ошентип, келерки жылы Костанай облусунда эле 4 станцияны ишке кошуу пландалууда.
Алар күн, газ жана эки шамал станциялары. Облус жетекчиси Кумар Аксакаловдун
айтымында, алардын курулушу облустун энергетикалык көз карандылыгын азайтат. Азыркы
тапта Костанай облусу өндүргөндөн 4 эсе көп электр энергиясын керектейт.
Кумар Аксакалов, Костанай облусунун акими:
- Үстүбүздөгү жылдын тогуздун айында
жалпы кубаттуулугу 165 ГВт болгон 1 шамал электр станциясын куруу боюнча
меморандумга кол коюлган. Ал Рудный шаарынын аймагы, ошондой эле Костанай
районунун аймагы. Бул абдан чоң долбоор. Аталган долбоорлорду ишке ашыруунун
аркасында облуста өздүк электр энергиясын иштеп чыгуу 10 эсе өсөт. Биз азыр
0,12 ГВт иштеп жатабыз, дагы 1,27 ГВт чейин өсөт жана аймактын муктаждыгын
толугу менен жабат.
Электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүү регион үчүн абдан маанилүү. Анын үстүнө облус өлкөдөгү унаа жасоо борбору болууга умтулууда. Белгилей кетсек, бул жылы мында 4 долбоор жүзөгө ашырылып, HONGQI жана SKODA автоунааларын чыгаруу боюнча; «Chevrolet Onix» үлгүсүндөгү чакан өндүрүш үчүн, ошондой эле унааларды сырдоо цехи ишке киргизилген. Мындан тышкары, учурда аймакта Корея менен биргелешкен ири долбоор ишке ашырылууда. Кийинки жайда жаңы заводдун конвейеринен биринчи KIA унаасы чыгат. Мындан тышкары автокомпоненттерди – отургучтарды жана кузов тетиктерин чыгаруу боюнча ишкананын курулушу башталды. Жалпысынан, 11 айдын жыйынтыгы боюнча Костанай облусу негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча оң динамиканы көрсөтүүдө. Өнөр жайдын көлөмү эле 2 жарым триллион теңгеден ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

