Бул долбоор жаңы порттун транзиттик дараметин мындан ары жогорулатууга мүмкүндүк берет. Кургак суу комплекси жакында эле «Актау деңиз порту» атайын экономикалык аймагына киргизилген. Мындай кадам менен дүйнөнүн алдыңкы логистикалык компаниялары менен иштешүүгө жол ачылат. Ал аркылуу оор жүктөр, контейнерлер ташылат. Келерки жылдан тарта Казакстандын паромдорун кабыл алуу маселеси да караштырылмакчы.
Айткали Нурмагамбетов, «Кургак» деңиз портунун бөлүм башчысы:
Өзүбүздө паром болгондо жаңы каттамдарды ачабыз. Макачкала порту менен. Андан соң Иран порттору, Амирабад жана Анзали порттору менен ачылат. Бул жерге өнөр жай, буудай, темир унаалар келет.
Жалпысынан 4 суу порту бар. Биринчи экөө унааларды кабыл алуу жана түшүрүү үчүн, калгандары темир жол менен келген жүктөрдү паромго жүктөө үчүн арналган. Мындан тышкары, акыркы убакта Казакстандын порттору аркылуу жүк ташуу көлөмү көбөйдү. Маселен, быйылкы жылдын башынан бери Кургак паромдук комплекси аркылуу 440 миң тоннага жакын жүк ташылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көп. Аталган порттон Бакуга ата мекендик эгин, мунай, темир жана химиялык өнүмдөр экспорттолот. Андан кийин Кара деңиз аркылуу Европага ташылат.