Быйылкы сугат мезгилине Казакстанга Кыргызстан суу жиберет

Быйылкы сугат мезгилине Казакстанга Кыргызстан суу жиберет

Кыргызстан Казакстанга Талас дарыясы аркылуу 400 млн куб метр, Шу дарыясы аркылуу 180 млн куб метр суу жиберет. Ал Жамбыл аймагындагы айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн колдонулат. Тараптар мындай макулдашууга мамлекеттер аралык суу чарба түзүмдөрүн пайдалануу боюнча казак-кыргыз комиссиясынын 35-отурумунда жетишишти. Белгилей кетсек, чын куран айында коңшу мамлекеттен 45 млн куб метр суу келген. Жыйында айлана-чөйрөнү коргоо жана суунун сапатын көзөмөлдөө боюнча биргелешкен жумушчу топтун ишмердүүлүгү талкууланды.

Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри:

- Эки тараптуу кызматташтыктын аркасында 2024-жылдын ирригациялык сезону жоготуусуз өттү, өзгөчө кырдаал катталган жок. Кыргыз өлкөсүнө Аралды сактоо эл аралык фондунун келишимдик - укуктук базасын жакшыртууну уюштуруу иштерине активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Кыргызстан жакынкы арада аталган уюмга катышуусун активдештирет деп ишенебиз. Бул Борбор Азия регионунун экологиялык, экономикалык, социалдык, суу чарба жана энергетикалык абалына оң таасирин тийгизет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков