Айыл туризми

Айыл туризми

Welcome to Kazakhstan! Алматы жана Жетису облустарына келген чет элдик туристтер мейманканадан көрө казак боз үйлөрүндө түнөгөндү жакшы көрүшөт. Муну менен алар өлкөнүн маданиятын, тарыхын тереңирээк таанып-билүүгө аракет кылышат. Казактын жаратылышын көрүүгө келген чет элдиктерге айыл тургундары жардам берип, тосуп алышат.

Айыл мектебинде мугалим болуп эмгектенген Ардак Омарованын туристтик бизнесинин сырын үйрөнүп, мейманкана ачканына 4 жылдын жүзү болду. Ал бир убакта 18 адамды кабыл алат. Короого боз үй тиккен. Конокторго эт, курут, боорсок, кымыз, жарма сыяктуу улуттук тамак-аштар сунушталат. Бул жылдар аралыгында мейманканада дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн келген туристтер эс алышкан.

Ардак Омарова, айыл тургуну:

- 2018-жылы баштадым. 2019-жылы жакшы иш кылдык. Чет элдик туристтер менен гана иштештик. 2020-жылы пандемия болуп кетти. Ошондо биздин ишибиз бир аз токтоп калды. Мындан кийин уланта беребиз. Мен конокторду күткөндү жакшы көрөм.

Джорджо Леони, Италиядан келген саякатчы:

- Бул жакка келгениме 10 күндөн ашты. Сапардан алган таасирлеримди айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Казактар ​​меймандос деп укчу элем, бул жолу суктандым. Улуттук тамактарыңардын даамы тамшандырат. Анан табияты керемет! Жер бетиндеги бейиш десек аша чапкандык болбос.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков