Казакстанда накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмү өсүүдө. Жарандар накталай акчаны дээрлик колдонбой калышты. Ranking.kz порталынын маалыматына ылайык, жалпысынан өлкөдө төлөм карталары боюнча жалпы жүгүртүүнүн 10 теңгесинин 8и накталай эмес деп аталганга туура келет. Былтыр Казакстанда карта менен төлөмдөрдүн көлөмү 64 триллион теңгеден ашкан. Салыштыруу үчүн айта кетсек, бул 2020-жылга караганда 2 эсеге көп. Олуттуу сумма интернет жана уюлдук телефон аркылуу ишке ашырылган. Ошол эле учурда, өлкөнүн тургундары POS-терминалдардан 10 триллион 700 миллиард улуттук валютаны накталай түрдө чыгарып алышкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков