2023-жылы декларацияны кимдер жана кандай тапшырат?

2023-жылы декларацияны кимдер жана кандай тапшырат?

Жалпы декларацияда Казакстанда катталган мүлктү жана активдерди көрсөтүү зарыл эмес. Алар ансыз да мамлекеттик органдардын базасында бар. Ал эми чет өлкөдөгү мүлк жана каржынын эсебин милдеттүү түрдө тапшыруу керек. 2023-жылдагы кирешелер боюнча отчетко бардык квазимамлекеттик жана бюджеттик сектордун кызматкерлери, алардын жубайлары, мугалимдер, дарыгерлер киргизилет. Экинчи этапта жалпысынан бир жарым миңдей жаран декларация тапшырууга тийиш. Алар өз каражаттарын 10 миң айлык эсептик көрсөткүчкө, башкача айтканда 30 миллион теңгеге чейинки болгон байлыгын жарыялашы керек. Ал эми накталай акчасы андан ашып түшсөчү?

Айнур Сартаева, Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин башкарма башчысынын орун басары:

Андан артыгы көрсөтүлбөйт. Бирок, биз өз тарабыбыздан жарандын накталай акчасы көбүрөөк болсо, аны банкка сал же үйдө сактоого болбойт, же башка жерде сакта деген сыяктуу талапты коё албайбыз. Анткени, ар бир жаран акчасын кайда жана кантип сактоону, ага кыймылсыз мүлк сатып алабы же жокбу, инвестицияга жумшайбы бул анын өзүнүн эрки. Ал эми бул укук милдеттүү түрдө сакталышы керек. Мыйзамда акча банкта сакталышы керек деген талап коюлган эмес.

2024-жылы Жалпы декларациянын үчүнчү этабы башталат. Анда ишкерлер, юридикалык жактар, курултайчылар жана алардын жубайлары отчет беришет. Ал эми 2025-жылдын үчтүн айынын 1нен тарта жарандардын калган категориялары декларация тапшырышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков