Astana Hub өлкө боюнча IT-экосистеманы жигердүү өнүктүрүүгө ниеттенүүдө

Astana Hub өлкө боюнча IT-экосистеманы жигердүү өнүктүрүүгө ниеттенүүдө

Технопарк дароо өлкөнүн 10 аймагында стартап-инкубаторлорду жана акселерация программаларын ишке киргизүүгө даярданып жатат. Алар быйылкы жылы Актау, Актөбө, Орал, Шымкент, Кызыл-Ордо, Өскемен, Семей, Талдыкорган, Тараз жана Петропавловск облустарында иштей баштайт. Бул тууралуу Astana Hub билим берүү программалары кеңсесинин жетекчиси Даулет Баймурзинов билдирди. Анын айтымында, долбоордун максаты – IT адистери үчүн семинарларды жана мастер-класстарды өткөрүү, аларга технологиялык ишкердикти нөлдөн баштоонун негиздерин үйрөтүү болуп саналат. Натыйжада бул казакстандык IT-өнүмдөрдүн экспортун көбөйтүп, дүйнөлүк рынокто суроо-талапты жаратат.

Даулет Беймурзинов, ASTANA HUB билим берүү программалары кеңсесинин мүдүрү:

- Биздин менеджерлер бул аймактарда болушат, алар биздин иш-чараларды, ар кандай билим берүү программаларын иштеп чыгышат жана келечектеги стартаптардын, IT адистеринин, жалпысынан технологиялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыккандардын катарын көбөйтүшөт. Бизди күтүп жаткан биринчи нерсе – бул стартап-долбоорлордун санынын көбөйүшү, бул өз кезегинде салыктан түшкөн кирешеге алып келет. Экинчиси, жаңы жумуш орундарын түзүү. Бул бир гана аймактардын жана бүтүндөй өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизет.

Айта кетсек, Astana Hub IT-экосистемасы өлкөнүн ичинде эле эмес, бүтүндөй региондо өнүктүрүлүүдө. Былтыр технопарк Google for Startups менен биргеликте Silkway Accelerator программасын ишке киргизген. Үстүбүздөгү жылдын бирдин айында программанын катышуучуларынын экинчи агымын окутуу башталды. Ал Казакстан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн IT стартаптарына бизнес жараяндарын курууга, инвестицияларды тартууга, масштабын кеңейтүүгө жана тышкы рынокторго чыгууга жардам берет.

Даулет Беймурзинов, ASTANA HUB билим берүү программалары кеңсесинин мүдүрү:

- Астана хабынын эң акыркы жетишкендиктеринин бири, биз Google for Startups акселерация программасынын Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү расмий өкүлүбүз. Булар Монголия, Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстан, быйыл Грузия кошулуп жатат. Алар бул жерде белгилүү серепчилердин, кеңешчилердин жардамы менен стартап долбоорун иштеп чыгуу үчүн оффлайн режиминде иш алып барышат. Ошондуктан биз үчүн бул программанын расмий хосту катары Google тарабынан таанылганыбыз технопарктын жогору бааланышын түшүндүрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков