2026-жылга чейин Казакстандын аймагында беш сейсмикалык
станция орнотулат. Ошондой эле «Алматы» борбордук сейсмикалык обсерваториясында
капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ал Кытайдын жер титирөө башкармалыгынын
геофизика институту тарабынан каржыланат. Тиешелүү меморандумга КЭРнын Шинжаң-Уйгур
автономиялык районунун Сейсмологиялык көзөмөлдөө жана изилдөө улуттук илимий
борбору менен жер титирөө боюнча агенттиги кол коюшту. Өлкөнүн Илим жана жогорку
билим берүү министрлигинен билдиришкендей, теке айында Кытайда жер титирөөнү
болжолдоо боюнча эл аралык конференция өтөт. Ага ата мекендик сейсмологиялык
мониторинг борборунун окумуштуулары да катышат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков