Казакстанда энергетиканын жаңы түрүн интенсивдүү өнүктүрүү колго алынат.
Тиешелүү мекемеден билдиришкендей, бул тармакты 2040-жылга чейин өнүктүрүү
концепциясы түзүлөт. Документте өлкөдөгү суутек өндүрүшүнүн дарамети жана
азыркы абалы жөнүндө толук маалымат камтылган. Суутек өндүрүшүнүн зарылдыгы
жана аны өндүрүшкө айландыруу үчүн зарыл болгон конкреттүү кадамдар да аталган
документте көрсөтүлөт. Негизинен Казакстанда суутек өндүрүү үчүн бардык шарттар
түзүлгөн. План боюнча долбоор хаб жана заводдор аркылуу ишке ашырылат.
Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, инвестициянын көлөмү 5 триллион
теңгеге жакындады. Энергиянын жаңы түрү экономиканы ар тараптандырууга,
экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, буу газдарын азайтууга жана көмүртек
чийки затына көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет, дешет адистер. Мындан
тышкары, жаңы технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүү тездейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков