Казакстан Индия, Иран жана Кытайдын жарандары үчүн визасыз режим киргизди. Өлкөнүн Миграция кызматы билдиргендей, бекитилген талаптарга ылайык, чет элдиктер чек арадан киргенден тарта Казакстандын аймагында 14 күн эркин жүрө алышат. Аларга иштиктүү, туристтик жана жеке сапарларга уруксат берилет. Ошол эле учурда Индия менен Кытайдын жарандары үчүн мурда колдонулуп келген 72 сааттык атайын транзиттик режим жокко чыгарылды. 6 ай ичинде өлкөдө визасыз жүрүү мөөнөтү 42 күндөн ашпашы керек. Анын алкагында чет өлкөлүк жарандарга коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынат. Эске сала кетсек, Казакстанда визасыз өлкөлөрдүн тизмесин жүзгө жеткирүү көздөлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков