Астанада жумушчу кесиптер жылы алкагында бир катар иш-чаралар өтөт

Астанада жумушчу кесиптер жылы алкагында бир катар иш-чаралар өтөт

Астанада жумушчу кесиптер жылынын алкагында 100дөн ашык иш-чара өтөт. Алардын бири шаардык профессионалдык чеберчилик чемпионаты болот. Ага борбор калаадагы 15 билим берүү аянтчасында 500дөн ашуун адам 49 компетенция боюнча катышуусу күтүлүүдө. Анын жеңүүчүлөрү ушул жылдын күзүндө улуттук чемпионатка барышат. Мындан тышкары, колледждердин базасында жогорку класстын окуучуларын окутууну көздөгөн долбоорду кеңейтүү боюнча иштер улантылат.  Аларда борбордун окуучулары 10 адистик боюнча практикалык көндүмдөргө жана жумушчу квалификацияга окутулат. Атап айтканда, тигүүчү, наабайчы, ашпозчу, чач тарач, флорист, эмерек жасоочу жана электрогаз ширетүүчү кесиптерди өздөштүрөт. Окуу курстарынын аягында аларга аттестат жана квалификациялык күбөлүк берилет. Кесиптик орто билим берүү мекемелерин эл аралык сертификаттоого, алардын дубалдарында жаңы ресурстук борборлорду ачууга жана иш берүүчүлөрдүн кадрларды даярдоого катышуусун кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Астанада ашпозчулук, кийим тигүү, гастрономия боюнча түрдүү чемпионаттар, ошондой эле чыгармачылык сынактар, спорттук мелдештер жана фестивалдар уюштурулат. Адистер бул борборго дүйнөнүн булуң-бурчунан келген конокторду тартаарына ишенет.

Акмарал Хон, Астана шаары билим башкармасынын техникалык жана кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

- Ошондой эле WorldSkills шаардык кесиптик чеберчилик сынагын уюштурууну пландап жатабыз. Ал колледж студенттери, мектеп окуучулары жана өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар адамдар арасында өткөрүлөт. Мындан тышкары, бул жылы биз эл аралык сынакты өткөрүүнү көздөп жатабыз. Бул жылга пландаштырылган чаралар өлкөдөгү жумушчу адистиктердин кадыр-баркын жогорулатууга, экономиканын реалдуу секторуна жаштарды тартууга, өлкөдө талап кылынган адистиктер боюнча кадрларды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча иш берүүчүлөрдү биргелешкен ишке тартууга багытталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков