Күйүүчү майдын жетишсиздиги

Күйүүчү майдын жетишсиздиги

Казакстанда бензин менен дизель майынын болгону 2 жумага жете турган кору калды. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында энергетика министри Болат Акчулаков билдирди. Башкармалыктын жетекчисинин маалыматына караганда, учурда АИ-92 үлгүсүндөгү 180 миң тонна бензин бар, бул 14 күндүк керектөөнү жабат. Ал эми дизелдик отундун абалы оорлоп баратат. Анын кору эки жумага да жетпей турганы аныкталды. Акчулаковдун айтымында, мунай иштетүүчү заводдор керектүү көлөмдө күйүүчү май өндүргөнү менен анын көлөмү 220 миң тоннадан бир аз гана ашат.

Болат Акчулаков, Казакстандын энергетика министри:

- Мен белгилегендей, ал заводдордон алынган кор 50 миң тоннага жакын. Бирок мындай мунай өнүмдөрүн экспорттоо туруктуу эмес.  Бош вагон-цистерналар жетишсиз санда жеткирилет. Аларды ташып пункттарына жеткирүү мөөнөтүнүн өсүшү да байкалат.

 

Казакстанда күйүүчү май маселеси боюнча туруктуу жумушчу комиссиясы түзүлдү

Премьер-министр күйүүчү майдын баасын көзөмөлдөө жана таңкыстыкка жол бербөө боюнча комиссия түзүүнү тапшырды.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:

- Күйүүчү майдын баасын көзөмөлдөө жана тартыштыкка жол бербөө боюнча туруктуу жумушчу комиссия түзүүнү Роман Васильевичке тапшырам. Улуттук экономика министрлиги Атаандаштыкты коргоо агенттиги жана акимчиликтер менен биргеликте баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө тиешелүү чара көрүүнү камсыз кылсын.

Ошондой эле, Индустрия министрлигине, «КазМунайГаз» жана «Казакстан Темир Жолу» ишканаларына мунай иштетүүчү заводдордон өнүмдөрүн өз убагында жөнөтүү боюнча чараларды көрүү тапшырмасы жүктөлдү. Алихан Смаилов Санариптик өнүктүрүү жана Энергетика министрликтерине дизель майын сатуунун күнүмдүк лимитине мониторинг жүргүзүү боюнча маалыматтык системаны тездетүүнү тапшырды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков