Касым-Жомарт Токаев тоталитаризмдин бул кыргыны элге чоң кайгы алып келгенин баса белгиледи. «Тарыхыбыздын кайгылуу мезгилдерин изилдөө жана бейкүнөө курман болгондорду актоо ишин улантуу абдан маанилүү маселе», - деп жазды.
Мамлекет башчысы Алматыга болгон жумушчу сапарынын алкагында 20-кылымдагы саясий куугунтуктун материалдарын изилдөө борборунун иши менен таанышты. Бул жерде архивдик документтерди калыбына келтирүү жана микрофильмдерди тартуу кеңселери иштейт. Жакынкы аралыкта борборго Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитети жана Башкы прокуратуранын атайын архивдеринен 30-50-жылдардагы саясий куугунтуктун тарыхына байланыштуу 715 миңге жакын ишти кабыл алат деп мерчемделип жатат. Азыркы учурда тарыхчылар, окумуштуулар жана борбордун кызматкерлери Алашорда тарыхы боюнча көп томдук китепти басып чыгарууга даярдап жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков