Кремлде «Астана Опера» труппасы өнөр көрсөттү

Кремлде «Астана Опера» труппасы өнөр көрсөттү

Орусиялык искусство сүйүүчүлөрү казакстандык актёрлордун чеберчилигин гана эмес, италиялык сценарист Эцио Фриджерионун талантын, "Оскар" сыйлыгынын ээси Франка Скуарчапинонун назик табитин, ошондой эле жарык берүү жана проекция чеберлери колдонгон жаңы технологияларды баалашты. Белгилей кетсек, бул спектакль гастролдук программада кокусунан тандалып алынган эмес, анткени быйыл дүйнө жүзү белгилүү балетмейстер Ростислав Захаровдун 115 жылдыгын белгилеп жатат. Анын чыгармачылыгы Пушкиндин ушул эле аталыштагы поэмасы боюнча түзүлгөн драмалык балеттин эң мыкты үлгүлөрүнүн бири. Ошондой эле мындан үч жыл мурда биздин труппа «Шехеразада» балети менен өнөр көрсөткөн. Учурдагы тур эки өлкөнүн маданияттар аралык диалогунун уландысы болуп саналат.

Мадина Басбаева, «Астана Опера» театрынын жетекчи солисти:

Мен Кремлде Мариянын партиясынын өкүлүмүн, кесипкөйлүгүбүздү жана жогорку деңгээлибизди көрсөткөнүмө абдан кубанычтамын. Мен чоң театрда чыккам, башка дүйнөлүк сахналарда, Генуядагы театрда, Кремлде бийлегенбиз. Бул жердеги аудитория таптакыр башкача. Ар дайым абдан жылуу кабыл алышат.

Мария Долганова, балет сынчысы:

Алар дүйнөлүк деңгээлдеги солисттер деп ишенимдүү айта алам. Аларды кээ бир спектаклдерден көрүп, алар жөнүндө көп угабыз деп ойлойм. Мыкты техника, сонун музыка. Миң буралган бийди сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Жалпы труппанын деңгээли абдан жогору. Бул кубандырат. Бул Москвалык көрүүчүлөргө көптөн бери биринчи жолку белек. Аталган спектакль бул редакцияда ондогон жылдар бою болгон эмес. Бирок Галина Уланова менен Майя Плисецкая катышкан тарыхый спектакль жана балет сүйүүчүлөр үчүн өтө маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков