600 бала Kids Go Free менен акысыз авиа билетин алды

600 бала Kids Go Free менен акысыз авиа билетин алды

Жыл башынан бери 600дөн ашык казакстандык балдар "Kids Go Free" акциясынын алкагында бекер билеттерге ээ болушту. Ошентип, программаны өлкөнүн ичинде эс алууну тандаган 300 казак үй-бүлөсү колдонду. Алар 26 миллион теңгеге чейин үнөмдөөгө жетишкен. Орто эсеп менен Маданият жана спорт министрлиги белгилегендей, бир турда эки бала барат. Бирок Астана – Шымкент – Астана багыты кулжа айында эң кирешелүү саякат болуп калды.

Акмарал Менлибек, КР маданият жана спорт министрлигинин алдындагы комитет башкармалыгынын башкы серепчиси:

Kids Go Free – Маданият жана спорт министрлиги тарабынан иштелип чыккан үй-бүлөлүк туризм долбоору. Программанын оператору – «Kazakh Tourism» улуттук компаниясы. Казакстандыктар 2 жаштан 17 жашка чейинки балдарга авиабилеттерди туроператордон өлкө ичиндеги багыттарга саякат топтомун сатып алуу менен ала алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков