Ал Көкшетау университетинде да окутулат. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү мекемелерде комплаенс-кызматтык милдеттерди аткарып, ал жерде коррупцияга каршы стандарттарды ишке ашырып, мыйзамдын сакталышына көзөмөл жүргүзүшөт. Айта кетсек, алардын тренингдерине Антикоррупциянын кызматкерлери да катышууда. Белгилей кетсек, коррупцияга каршы комплаенс квазимамлекеттик сектордун 320 уюмунда киргизилген. Өлкөдө мындай адистерге суроо-талап күч алууда.
Сергей Сайко, магистрант:
- Мен коррупцияга каршы күрөштү тандадым, анткени ал азыр абдан актуалдуу. Негизи ар бир мамлекеттик мекемеде жана квазимамлекетте коррупцияга каршы күрөшүү кызматы болушу керек. Ошондуктан, окууну аяктагандан кийин, бул адистер жумушка орношууда чоң суроо-талапка ээ болот деп ойлойм.
Чиңгиз Акимбеков, Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча департаментинин облусттук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары:
- Киргизилген өзгөртүүлөр коррупцияга каршы комплаенс кызматынын функциясын квазимамлекеттик сектордун, субъектинин түзүмдүк бөлүмүнө гана эмес, жооптуу адамга да жүктөө мүмкүнчүлүгүн карайт. Ошондой эле, өзгөртүүлөргө ылайык, агенттикке субъекттердин комплаенс-кызматынын ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктар берилген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков