Бурабай менен Маркакөл ЮНЕСКО биосфералык резерваттар желесине кирди

Бурабай менен Маркакөл ЮНЕСКО биосфералык резерваттар желесине кирди

«Бурабай» мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы жана Маркакөл мамлекеттик жаратылыш коругу ЮНЕСКОнун биосфералык коруктарынын глобалдык тармагына кошулду. Мындай чечим «Адам жана биосфера» программасынын эл аралык координациялык кеңешинин 34-сессиясында кабыл алынды. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстандагы ЮНЕСКОнун биосфералык коруктарынын улуттук тармагына 15 объект киргизилген. Бул Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүч жана Казакстандагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого дүйнөлүк коомчулуктун көңүл буруусун чагылдырат.

Адешола Адеподжу, ЮНЕСКО эл аралык биологиялык программа жетекчиси:

- Казакстан бул ишке абдан жакшы даярданыптыр. Биз арызды кубануу менен колдодук. Бул жыйынтык менен куттуктайм. Казак делегациясы зор иш жасап, Парижде бардык керектүү маалыматтарды жана документтерди өз убагында жана тийиштүү түрдө бере алды.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков