Чыгармачылык иш-чаралар Ташкенттеги Алишер Наваи театрынын сахнасында «Абай» операсы менен жабылды. Тарыхый чыгарманы Абай атындагы Казак улуттук опера жана балет театрынын жамааты сунуштады. Коңшу өлкөнүн үч шаарында казак өнөрпоздорунун төрт күндүк маданий программасы уюштурулду. Комплекстүү иш-чара ата мекендик кино күндөрү жана жергиликтүү артисттердин гала-концерти коштолду. Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында өлкөнүн Маданият жана спорт министри Асхат Оралов Төлө би күмбөзү жана дүйнөдөгү эң эски Курандын кол жазмасы сакталган Хаст-Имам мечити сыяктуу Ташкенттин бир катар тарыхый-маданий эстеликтерин аралап чыкты. Ошондой эле, эки өлкөнүн тармактык жетекчилери өз ара жолугушуу өткөрүп, маданият жана туризм тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Озодбек Назарбеков, Өзбекстандын маданият жана туризм министри:
- Бул жолку окуялар мурункулардан айырмаланып турду. Анткени, буга чейин бардык иш-чаралар өлкөлөрдүн борборлорунда гана өткөрүлчү. Бул жолу салт өзгөрдү. Маданият күндөрүнө аймактарды да катыштырсак жакшы болот деп ойлогонбуз. Маселен, кечээ «Казакконцерт» Самаркандда чыгармачылык кечесин өткөрдү. Ага чейин Ташкентте «Түркестан» маданият сарайында эки чоң концерт уюштурулду.
Тараптар ошондой эле биргелешип тасма тартууга, казакстандык фильмдерди Өзбекстанга жайылтуу жана кургактагы өткөрүү пункттарында чартердик туристтик автобустардын үзгүлтүксүз өтүшүнө шарт түзүүнү макулдашты. Мындан тышкары, Тараз, Түркестан жана Актау шаарларын Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен биргеликте иштелип чыккан “бир тур – бир аймак” программасына киргизүү сунушталды.
Асхат Оралов, Маданият жана спорт министри:
- Маданият, искусство, руханият, спорт, туризм тармактары эки өлкөнүн ортосундагы көпүрө катары каралууда. Казактар менен өзбектердин тамыры, маданияты бир. Бул эки өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын чыңдоо максатында кабыл алынып жаткан чечимдердин бири деп айтсак болот. Биз муну салтка айландырабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков