Сак көрүстөнүнөн табылган экспонаттар Улуу Британия музейинде көрсөтүлөт

Сак көрүстөнүнөн табылган экспонаттар Улуу Британия музейинде көрсөтүлөт

Сак алтындары Европада сунушталат. Чыгыш Казакстан аймагындагы байыркы сактардын көрүстөнүнөн табылган 300гө жакын алтын буюмдар Улуу Британияда көрсөтүлөт. Аяк оона айында Кембридж шаарында жайгашкан Фицуильям музейинде «Улуу талаа алтыны» аттуу көргөзмө ачылат. Анда көчмөндөрдүн миң жылдык тарыхы бар алтын жасалгалары, сак ак сөөктөрүнүн кийимдери, аңчылык стилиндеги кийимдердин алтын чаптамалары жана берметтен жасалган мончоктор сунушталат. Зергерчилик буюмдар жана көркөм чеберчиликтин кээ бир үлгүлөрү да коюлат. Бул табылгалар Берел, Чиликти жана Элеке сазы көмүү комплекстеринен жылдар бою чогултулган жана аларды калыбына келтирүү үчүн дагы бир нече жыл талап кылынган. Белгилей кетсек, казакстандык изилдөөчүлөрдүн эмгектерине чет элдик кесиптештери тарабынан баа берилген. Казакстандын экспозициялары Guardian жана Daily Mail басылмаларында тааныштырылды.

Алфия Бакбаева, Өскемен шаары тарыхый-чөлкөм таануу музейинин тарыхчысы:

- Азыркы маалда чет өлкөлүктөр гезиттерге жарыялап, сүрөттөрүн салып, өзгөчөлүгүн сурап жатышат. Кембридждеги бул экспозициянын мааниси - адамдарга цивилизациянын, мамлекет болгонун жана бул уруулар менен көчмөндөрдөрдүн ошол замандын өзүндө алтындын эмне экенин, алтын куюуну билгенин көрсөтүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков