Улуттук банк коллекциялык тыйындарды чыгарды

Казакстандын Улуттук Банкы тарыхый инсандардын сүрөттөрү түшүрүлгөн коллекциялык монеталарды чыгарды. Анда дүйнөнүн экинчи мугалими – Аль-Фараби, акын Сүйинбай Арон уулу, күүчү Курмангазы чагылдырылган. Бул «Банкноттогу портреттер» сериясынын уландысы. 200 жана 500 теңгелик бул монеталарды бештин айынын 8нен баштап сатып алууга болот.

Алмат Басенов, Улуттук Банктын башкы дизайнери:
- Мен Аль-Фараби, Курмангазы жана Сүйинбай чагылдырылган 3 тыйынды тааныштыргым келет. Алар күмүш жана нейзильберден жасалган. Эсиңиздерде болсо, бул серия 2011-жылы чыккан. Ошол тыйындардын баары алтындан жасалган. Кийин 2014-жылы алардын үчөө күмүш жана нейзильберден жасала баштады. Эми коллекция чогултуучулардын өтүнүчү боюнча биз бул монеталардагы металлдын көлөмүн дагы толуктоону чечтик. Күмүш монеталар 2 миң нускада сатылса, ал эми нейзильбер монеталардын ар бир түрү 50 миң тиражда чыгарылат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков