Касым-Жомарт Токаев аяк оона айынын 1и күнү Казакстан калкына кайрылуу жасайт

Касым-Жомарт Токаев аяк оона айынын 1и күнү Казакстан калкына кайрылуу жасайт

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев аяк оона айынын 1де парламент палаталарынын биргелешкен жыйынында Казакстан элине кайрылуусун жарыялайт. Түз эфир саат 11:00дө республикалык телеканалдардан, ошондой эле Акорданын расмий сайтында, социалдык тармактардагы аккаунттарында көрсөтүлөт. Жыйынга Мажилистин жана Сенаттын депутаттары, борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, Улуттук Ассамблеянын, Адам укуктары боюнча комиссиянын, Аялдар иштери жана үй-бүлөлүк-демографиялык саясат боюнча улуттук комиссиянын мүчөлөрү, коомдун жана эмгек жамааттарынын өкүлдөрү катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков