Казакстанда туризм тармагында 360дан ашык инвестициялык долбоор ишке кошулду

Казакстанда туризм тармагында 360дан ашык инвестициялык долбоор ишке кошулду

Өлкөнүн Маданият жана спорт министрлигинин маалыматы боюнча, мындай жайларга келген турист суу жээгиндеги эс алууга караганда орто эсеп менен 5 эсе көп акча коротот. Жалпысынан алганда, жергиликтүү тоо боорунда оюн-зоок түзүүнү каалагандардын саны жыл сайын кеминде 30%га көбөйдү. Туристтер арасында өзгөчө Алматы облусунун тоо лыжа базалары популярдуу. Алардын орточо өткөрүү жөндөмдүүлүгү күнүнө болжол менен 10 миң адамды түзөт. Тармак адистеринин айтымында, туризмдин бул багытында жаңы инвестициялык долбоорлорду баштоо пландалууда. Акыркы 4 жылда өлкөдө өнөр жайдын бардык тармактарында жалпы баасы 420 миллиард теңгеден ашык 360 инвестициялык долбоор ишке киргизилген. Быйыл 115 демилгени ишке ашыруу көздөлүп жатат. Алардын жалпы баасы 288 миллиард теңгени түзөт. Казынага аталган тармактан түшкөн акчанын көбөйүшү да ата мекендик туристтик объекттерге кызыгуунун артканынан кабар берет. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча салык төлөмдөрү 390 миллиард теңгеге жеткен. 2021-жылга салыштырмалуу өсүш 1,5 эсеге барабар болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков