«Бала - биздин боорубуз. Алар өлкөбүздүн келечеги», - деген Касым-Жомарт Токаев өсүп келе жаткан муундун билимдүү, ар тараптуу өсүүсү үчүн мамлекет колунан келгендин баарын жасай турганын кошумчалады. Белгилей кетсек, Казакстан балалык чактын узактыгы жана коргоо индекси боюнча 180 өлкөнүн ичинен 50-орунда турат. Эгемендүүлүк жылдарында өлкө балдардын укуктарын коргоо боюнча көптөгөн негизги эл аралык документтерди ратификациялаган. Ошону менен бирге жашы жете электердин укуктары боюнча мыйзамдар, жарлыктар кабыл алынган. Балдарды коргоо күнүн жаркын майрам менен белгилөө коомчулукта бузулгус салт болуп калды. Маселен, бүгүнкү күндө “Балдар үчүн” республикалык акциянын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында 1000ден ашык ар кандай иш-чаралар, кайрымдуулук акциялары жана челлендждер өтүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков