Женевада
парламент спикерлеринин VI Бүткүл дүйнөлүк конференциясы өттү. Казакстандын
делегациясын Мажилистин төрагасы жетектеди. Ерлан Кошанов жалпы дебаттарда
сүйлөп жатып, бүгүнкү күндө глобалдык куралсыздануу режимин жана массалык
кыргын салуучу куралдарды жайылтпоо маселесин бекемдөө актуалдуу болуп жатканын
баса белгиледи. Мындан тышкары, төмөнкү палатанын спикери климаттын өзгөрүшүнө
каршы күрөшүүдө жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө биргелешкен
аракеттерди тездетүүнүн маанилүүлүгүн да айтты. Ерлан Кошанов адилеттүүлүк,
теңдик жана инклюзивдүүлүк принциптерин алдыга жылдыруу ишинде
парламентарийлерге өзгөчө жоопкерчилик жүктөлгөнүн баса белгиледи.
Ерлан Кошанов, Парламент
Мажилисинин төрагасы:
- Казакстан
парламенти Президент Касым-Жомарт Токаевдин баарына жана ар бирине мыйзам
үстөмдүгүнүн негизинде тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекети болгон Адилеттүү
Казакстанды куруу демилгесин ишке ашырууга активдүү катышууда. Социалдык
адилеттүүлүк принцибин ишке ашырган бир катар мыйзамдар кабыл алынды.
Масштабдуу саясий модернизация жүргүзүлүп, экономикалык реформалар ишке
ашырылууда. Бул жөн гана саясий дискурстун бир бөлүгү эмес. Бул адамдын саясий
жана экономикалык укуктарын камсыз кылуу, анын кадыр-баркын сыйлоо үчүн бекем
шарттарды түзүү болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

