Казакстандын 12 жогорку окуу жайы биринчи жолу 2024-жылдагы туруктуу өнүгүү көрсөткүчү боюнча эң мыкты университеттердин тизмесине кирди. Алар коомдук жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасири, башкаруу модели сыяктуу критерийлер боюнча бааланган. Жалпысынан рейтингде дүйнөнүн 95 өлкөсүнөн 1397 ЖОЖ тандалды. Былтыр башталган долбоордо алардын саны эки эсе аз болгон. Бул жолу аталган баалоо тизмесинин алдыңкы бештигин Канада, АКШ, Улуу Британия жана Жаңы Зеландиянын университеттери толуктады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков