Улуттук зергерчилик салттарын сактоочулар. Байыртан келе жаткан өнөрдүн технологиясын жоготпой улантып келе жаткан чеберлердин үй-бүлөсү Маңгыстау облусунда жашайт. Үй-бүлө башчысы Өтепкали Өмиров 30 жылдан бери зергерчилик менен алектенет. Бул жылдар аралыгында 200 миңге жакын шакек, сөйкө, мончок, тумар жасап, эки уулун тең кесипке үйрөткөн. Бүгүнкү күндө алардын колунан жасалган кооз буюмдар абдан белгилүү. Казакстандан, АКШдан, ал тургай Европадан буйрутма түшүп турат.
Өтепкали Өмиров, зергер:
- Муну менен алектенип, балдарды үйрөтүп жатканыма кубанычтамын. Бул өнөр мага атамдан өткөн, ал эми ага чоң атасынан. Биз урпактын ишин улантып келебиз. Зергерчилик бул жөн гана кесип эмес. Бул жерде өзүн-өзү колго алып, сабырдуу жана чыдамкай болушу керек. Буюмду жан дүйнө менен берилип жасаш керек. Адам көп жылдар бою зер буюмдарын тагынып жүрөт жана ал ар дайым актуалдуу болушу зарыл.
Төлеген Өтепкалиулы, зергер:
- Биз ушул чеберканада төрөлүп, колубузга зергерчилик бумдарын кармап жүрүп чоңойдук. Мен атамдай чебер уста болгум келет. Зергерчиликте иштөө бул чоң эмгек, өзгөчө технологияларды билүүнү талап кылат. Биздин максат баалуу бир нерсени жаратуу, башкача айтканда, адам өзүнөн кийин мурас калтыра алат. Алар 100, 200 жылдан кийин деле баалашы мүмкүн.
Улуттук кол өнөрчүлүктүн дагы бир сактоочусу Батыш Казакстан облусунда жашайт. Укижан Танабаева жаныбарлардын сөөктөрүнөн өзгөчө азем-белектерди жасайт. Алар бүгүнкү күнгө чейин ыйык мааниге ээ. Анын ар бир буюму казак элинин маданиятын, тарыхын чагылдырып турат. Чебер ар биринин үстүндө кеминде жарым ай иштейт. Анткени, сөөк материалды даярдоо оор жана түйшүктүү иш.
Үкижан Танабаева, чебер:
- Бул каржилик деп аталган сөөк. Ушул сөөктүн негизинде бүтүндөй «Береке – байлык бакыт» долбоорун түздүм. Байыркы каада-салттарды кайра жаратуу, элибиздин баалуулугун жана маданиятын сактоо – менин негизги максатым. Бул өмүр дарагы. Ал 75 сөөктөн, тагырагы каржиликтен турат. Сиздер билгендей казактарда 25, 13,37 ыйык сандар болуп саналат. Ар бир чыгармада ыйык маанини сактагым келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков